Понедельник, 6 мая

Кыргызстан дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрүнүн катарына кирди

0

Global Financial журналы Кыргызстанды коопсуз өлкөлөрдүн катарына
жайгаштырды.
Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Global Financial журналы коопсуздук
боюнча акыркы рейтингин жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган журнал акыркы рейтингинде Борбор Азиянын үч
өлкөсүн 2019-жылдагы дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрүнүн тизмесине кошкон.
Ошентип, Казакстан тизмеде 44-орунда, Тажикстан 68-орунда жана Кыргызстан
89-орунда жайгашкан.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан менен Түркмөнстан тизмеге киргизилген
эмес.
Ал эми тизмеге кирген үч өлкө коопсуздук боюнча көптөгөн өлкөлөрдөн анын
ичинде Орусиядан дагы өйдө жайгашкан.
Рейтинг өлкөлөрдөгү куралдуу чыр-чатактар, жарандардын коопсуздугуна туулган
коркунучтар, экономикалык өнүгүгүш жана табигый кырсыктарды эске алуу менен
түзүлгөн.
Тизменин башында эң коопсуз өлкөлөр Исландия, Швейцария жана Финляндия
жайгашакан. Ал эми Орусия 108-орунга жайгаштырылган.
Пакистан, Нигерия, Альвадор, Гватемала, Йемен жана Филиппин дүйнөдөгү
кооптуу өлкөлөр деп табылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз