Вторник, 26 ноября

Бишкектеги паркта көрсөтүлгөн эротикалык тасма. Мэриянын жообу

0

Бишкектеги жакында ачылышы болгон “Ынтымак” сейил багында түнү эротикалык эпизоддорду камтыган “Кумар” тасмасы чоң экрандан көрсөтүлгөнү маалым болгон. Соцтармакка тараган видеого мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев түшүндүрмө берди.

Айтымында бул мэриянын күнөөсү эмес, ачык асман алдында тасма көрсөтүү ишкерчилиги менен алектенген ишкердин айыбы. Жеке ишкер парктын жанында чоң экрандан тасма тартуулаган кинотеатрды иштетип жаткан. Ал эми видео тартылган күнкү тасмада эротикалык эпизоддор камтылган. Ага чейин мындай көрүнүш болгон эмес.

“Ошол убакта жолдон өтүп бараткандардын бири кыязы видеого тартып алып интернетке жарыялап жиберген окшойт. Жеке ишкерге мэрия эротика көрсөт деп буйрук берген эмес. Мына мэриянын күнөөсү жок. Ишкерчилик коомдо өз милдеттерин так аткарып, коомдук баалуулуктарды сакташы керек. Андай кылбаса мыйзам чегинде жазасын алат”, — деди Балбак Түлөбаев.

Эске салсак видео 28-сентябрда соцтармактарга жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз