Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Азаттык” радиосунун кабарчысы катышкан окуя боюнча маалымат берди. Анда белгиленгендей биринчи тарап Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары аталган радиого таандык видеокамера менен дронду тартып алганын айтышкан. Ал эми экинчи тарап өз кезегинде алар жашаган үйдүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп жашоочуларга тынчтык бербегенин билдиришкен. Алар мындан улам дрон менен тартууну коопсуздукка келтирилген коркунуч жана жеке жашоого кийлигишүү катары баалашканын белгилешкен. Ошондой эле дрон жашоочулардын биринин башына кулап, ал адам жаракат алганын да кошумчалашкан.
Эске салсак “Азаттык” радиосунун кабарчысы Ош шаарында видеокамерасы менен дрону айрым жарандар тарабынан тартылып алынганын жарыялаган. Ошондой эле ал бул окуяга Матраимовду айыптап, кабарчынын өздүк буюмдарын тартып алгандарды “Матраимовдордун адамдары” деп атаган.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кабарчынын айтканын төгүнгө чыгарды. Айтымында кабарчылар съемка тартууга уруксат албай туруп ишти башташкан.
“Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов Кара-Суудагы мечитти видеого тарткан. Экинчи күнү мен аларга айттым, беш жылдан бери мечитти тартып жатасыңар деп. Чындыгында эле беш жылдан бери ал мечитти бир гана “Азаттык” кайра-кайра тартып келатат. Съемкага эч кандай уруксат да алышкан эмес. 5 жылдан бери тартып келатканы аз келгенсип таңкы саат алты менен жетинин ортосунда келип алышып дрон учуруп башташыптыр. Оператордун шалаакылыгынан үйдөгү жигиттин башына дрон кулады. Ал жигитти дрон менен бетин жакын кылып тартууга аракеттенген экен. Андан кийин ачууланган балдар дрон менен пультту оператордон тартып алышыптыр. А журналисттер барып милицияга арыз жазышты”, — деди Матраимов.
Ал учурда журналисттердин биринин сөзү бириникине туура келбей жатканын, эми алар таңкы шаарды тартышканын айтып башташканын билдирди.