Понедельник, 25 ноября

Бекназаров элчи болуп бекийби?

0

Айрым интернет басылмалар өздүк булактарына таянуу менен мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болоорун жазып чыгышты.

Маалыматта бийлик жакынкы күндөрү Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси катары көрсөтөөрү айтылган. Ал үчүн өкмөт Малайзиядан агреман суранып кат жөнөткөн, ал жактан болсо оң жооп келген.

Анткен менен Азимбек Бекназаровго бул маселени тактоо үчүн телефон чалып ала алган жокпуз.
Эскерте кетсек буга чейин аталган мамлекеттеги элчилик кызматты Кылычбек Султанов аркалап келген. Ал ТИМ кызматкерлерине карата доомат койгондон кийин жумуштан алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз