Понедельник, 25 ноября

Профсоюздардын жетекчиси 300 миң алабы?

0

Профсоюздар федерациясынын жетекчилери өздөрүнө олчойгон айлык маяна койдуруп алган. Маселен мугалимдер жарыбаган айлыкка иштеп жатканда алардын айрымдарынын 300 миң сомго чейин маяна алуусу туура эмес. Мындай пикирин Жогоку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов «kyrgyz.news» сайтына билдирди.

Депутат “Кесиптик уюмдар федерациясынын” кызматкерлеринин бүгүнкү өткөргөн митинги боюнча комментарий берип, алардын бул кадамын сынга алды. Пикиринде федерация Кыргызстан боюнча ири суммадагы акчаларды чогултуу менен гана алектенип келет. Аларда болжолу менен жылына 1 миллиард сомго чукул каражат топтолот деген менен анын коротулушу эч кимге маалым эмес. Ал эми аталган мыйзам элдин эсебинен чогулган каражаттын сарпталышын көзөмөлгө алууга гана жол ачат. Долбоор профсоюз федерациясына башаламандык алып келбейт.

Айта кетсек бүгүн аталган мекеме кызматкерлери митингге чыгышып мыйзамдын демилгечилерин эл душманы атап, алардын талаптары аткарылбаса мөөнөтсүз акцияларды улантышаарын билдиришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз