Воскресенье, 19 мая

Матраимов vs Азаттык

0

Ош шаарында “Азаттыкка” байланыштуу чыр боюнча жаңы маалыматтар пайда болду. Андагы айтылгандарга таянсак журналисттердин видеокамерасын жана дронду тартып алган жигит Матраимовдун тууганы болуп чыкты.

Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда аталган сайт Ош шаарындагы үйдү дрондун жардамы менен тартып алууга аракеттенген. Ал үй Райымбек Матраимовдун апасынын наамына катталган болуп чыкты. Супаналиев көчөсүндөгү ал үйдө Матраимовдордун жакын туугандары жашап келишкен, ал эми Бажы кызматынын мурдагы орун басары ал жерге анда-санда гана барчу.

Милицияга 28-сентябрдагы окуя боюнча үч арыз жазылган. Биринчиси журналисттерден – алар видеокамераларын жана дронду тартып алган белгисиз төрт жаранга каршы арыз жазышкан. Экинчи арызды болсо Матраимовдун үйүндө жашап жаткан туугандары тынчтыкты бузуп, жеке жашоолоруна аралашкан журналисттерге карата беришкен. Ал эми үчүнчү арыз ошол үйдүн короо –жайын караган жигит башына дрон кулаганы үчүн.

Видеокамера Матраимовдун бир тууган жээни, тагыраак айтканда бир тууган инисинин баласы тарабынан тартылып алынганы айтылууда. Ал видеокамераны милицияга өткөрүп берүү үчүн тартып алганын билдирген.

Эске салсак “Азаттыктын” журналисттери Оштогу Райымбек Матраимовго таандык делген үйдү тартып жатканда белгисиз жигиттер күч колдонуп видеокамераларын тартып алышканы жарыяланган. Искендер Матраимов журналисттерге айыпты коюп, алар ушуну менен бешинчи жыл ал үйдү тартып жатышканын жана съемка жасоого эч кандай уруксат алышпаганын белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз