Текебаевди актоо процесси башталды

0

Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайрадан каралып жатат. Процесске судья Айнура Сатарова төрагалык кылууда.
Бул жолу отурумга күбө катары экс-депутат Исмаил Исаков келди. Ал 2010-жылдын 13-майындагы окуялар тууралуу окуялар боюнча көрсөтмө берди. Айтымында 13-майда убактылуу өкмөт түштүктөгү окуя боюнча шашылыш кеңешмеге чогулган. Текебаев менен Чотонов кеңешмеге катышкан. Ошол эле күнү Чотонов түштүк жергесине учуп кеткен.

Белгилей кетсек орусиялык ишкерлер Леонид Маевский менен Алексей Модин Текебаевге каршы көрсөтмө беришкенде аталган жылдын 13-майында Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде Текебаев жана Чотонов менен жолугушушканын, алар “Альфа Телекомдун” көзөмөл пакети үчүн 1 миллион доллар сурашканын билдиришкен болчу.

Ошондой эле процесске ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов да күбө катары келди. Ал 2010-жылдын 13-майында түштүктө окуялар орун алганын жана ошол кездеги ӨКМ жетекчиси Дүйшөнкул Чотонов менен чогуу Ошто болгонун белгиледи. Айтымында алар менен убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү Исмаил Исаков да түштүктүн борбор калаасында чогуу жүргөн.

“2010-жылдын 13-майында Ошко вертолет менен Чотонов жана Исаков барган. Мен аларды өзүм тосуп алгам”, — деди Асанов.

Күбөлөрдүн мындай көрсөтмөсү Модин менен Маевский айткан “Супарадагы” жолугушуу болбогонун тастыктады.

Эске салсак Текебаев менен Чотонов “коррупция” беренеси боюнча айыпталып соттолушкан. Август айында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу алар үй камагына чыгарылып, а иш кайра кароого жиберилген.

Текебаев менен Чотонов жогоруда аталган орус ишкерлеринин көрсөтмөсү менен соттолгон. Азыркы күбөлөр Исмаил Исаков менен Курсан Асанов ал кезде деле бар болчу. Бирок эмнегедир “Ата Мекен” партиясынын лидери 13-май 2010-жылы кайда жүргөнүн аныктоо, күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө көңүл төшөө анда болгон эмес. Саясат талдоочу Марс Сариевдин «Kyrgyz.news» сайтына билдиргенине караганда ал учурда азыркы күбөлөрдүн көрсөтмөсү бийликке ылайыктуу болгон эмес.

“Чындыгында Текебаев аталган жылдын 13-майында Ошто болгон. Бирок күбөлөрдүн мындай көрсөтмөсү анда каралган эмес, Атамбаевге Текебаевди түрмөдөн чыгаруу пайдалуу болмок эмес. А азыркы бийликке аны бошотуу пайдалуу. Анткени “Ата Мекен” кандай болбосун 2002-жылдын күзүндө болчу парламенттик шайлоого критикалык массаны топтой албайт. Бирок Текебаевдин бошотулушу Кыргызстандын саясий кырдаалына таасирин берет. Ал Атамбаевге каршы принципиалдуу каршы маанайда. Ошондуктан партия мүчөлөрүнүн, Текебаевдин риторикасы учурдагы бийликке турукташтыруу ролду аткарып берет. Текебаев парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш топтой алган учурда да коркунучтуу болбойт. Анын убагы өтүп баратат. Ал өзүн түрмөгө отургузган схеманы ачыктап, ага катышкан ар биринин түбүнө жетет. Атамбаевдик аймакты тазалайт. Так ушунусу азыркы бийликтин кызыкчылыгына төп келет”, — деди Марс Сариев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз