Понедельник, 25 ноября

Жарандыгыңызды өзгөртсөңүз да Кыргызстандан жер тилкесин алууну каалайсызбы?

0

Расмий маалыматтарга караганда 600 миң кыргызстандык Россиянын атуулуна айланышкан. Бул тууралуу экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Белгилей кетсек “Ата Мекен” партиясы мигранттарга башка жарандардын катарында Кыргызстандан жер берүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун сунуштоодо.

“Мындай норма кыргызстандык мигранттарга жардам берет. Расмий маалыматтарга караганда 600 миң кыргызстандык Россиянын жарандыгын алышкан. Аларды орус атуулдугун алууга кандай жагдай аргасыз кылганын баарыбыз билебиз. Биздин мыйзам боюнча чет өлкөлүк жарандар үй сатып ала алышат, бирок жер тилкелерин ала алышпайт. А биз атуулдугун башка болгону менен жандүйнөсүндө кыргыз жараны бойдон калышкан мекендештерибизге жер тилкелерин сатып алууга көмөк көрсөткүбүз келет. Азыр алар сатып алышат, бирок мыйзамга ылайык тууган-уругуна каттатып коюшат”, — деди Шыкмаматов.

Анын белгилешинче сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жер сатып алгысы келген мигрант Кыргызстандын мурдагы жараны экенин далилдеши керек. Кыргыз паспорту сакталып калбаса архив аркылуу Кыргызстанда туулуп-өсүп, билим алганын аныктаганга болот.

Комитеттин жыйынына катышкан депутаттарда мыйзам долбоору Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына канчалык деңгээлде туура келээрине кызыккан суроолор жаралды. Депутат Элвира Сурабалдиева долбоор идеологиялык жактан туура болсо да экономикалык жактан ылайыксыз экенин белгиледи.

“Биз мигранттардын өлкөсү турбайбызбы. Мыйзам долбоорунун идеясын колдойм бирок экономиканы качан ойлоп баштайбыз? Сиздердин сунуш идеологиялык жактан туура болгону менен экономикалык, стратегиялык планда ылайыксыз”, — деди депутат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмай болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз