Өзбекстанда оор кылмыштарга шектелип, 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн адам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, издөөдө жүргөн. 2016-жылы чек арадан мыйзамсыз өтүп, өзүнө Б.К. деген башка ысым алып, үй-бүлө курууга жетишип, жашырынып жашап жүргөн. Кадамжай РИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген адам Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.
Иликтөө учурунда ал Б.К. эмес эле өзбекстандык 1983-жылы туулган С.А. экендиги аныкталган. Ал 2010-жылы Өзбекстанда зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылган. Жазасын өтөп жатып 2016-жылы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунун аймактарында жашырынып жашап жүргөн.
Ал боюнча топтолгон материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө бул адамдын үстүнөн Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарларынын бир нече тургундары арызданышты. Анткени ал башкалардын ишенимине кирип, жалпы 300 миң сом каражатты алдап алып жүргөнү аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.