Понедельник, 25 ноября

Зулушев өкмөттү “өлүмүш” позициядан арылууга чакырды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өкмөттүн мүчөлөрүн өлүмүш позициясын карманып отура берүүдөн арылууга чакырды. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттеги тишелүү комитеттин жыйынында, Бюджет кодексине жана Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү туурасындгы долбоорду талкуулап жаткан учурда билдирди.
Айтымында Жогорку Кеңеш бюджет туурасындагы маселеде өкмөттүн пикирин укпашы керек.
“Биз аткаруу бийлигинин оюу менен эсептешпей, аларды мажбурлашыбыз керек. Экономика министрлигинен тартып бардык башка министрликтерди айтсак өлүмүш позициясын карманып турат. Эптеп жооптон кутулуш керек, ал эми иш өз ыргагы менен кете бериш керек, тездик, жоопкерчилик, ыкчамдык деген маселелер артта калып калды”,-деди ал.
Эскерте кетсек, депутат Экмат Байбакпаев бүгүн комитеттин кароосуна Жогорку Кеңеште бюджетти бекитүүдө, анын аткарылышына парламенттин көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунуштады. Демилгечинин айтымында бул долбоор элдин эсебинен чогулган каражаттардын туура сарпталышына, анын парламент тарабынан көзөмөлдөнүшүнө жол ачат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз