Пятница, 22 ноября

Депутаттар кемчиликтерин моюнга ала башташты

0

Жогорку Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарган жок, ошол үчүн коомчулуктун сынына калып жатат. Мындай пикирин депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында билдирди.

“Бюджет негизги мыйзам, ал алты миллион элдин акчасы аны жашырып, көрсөтпөй өз алдынча коротконго эч кимдин укугу жок. Жарандардын салыгынан чогулган каражаттын ар бир тыйыны парламенттин көзөмөлүндө болушу керек. Биз аркылуу коомчулук да бюджетти эсептеп турушу кажет. Бирок биз моюнубузга жүктөлгөн милдетти так аткара албай жатабыз. Ошол үчүн бизди элдер сындап, ар кандай аттарды коюп, жолугушууга барсак кууп чыгып, кийинки шайлоодо ушул фракциялар кайра келбесин деген сөздөрдү күндө айтып жатышат”-дейт Сулайманов.

Айта кетсек бүгүн парламенттин тиешелүү комитетинде бюджетти бекитүү, аны көзөмөлдөө, аткарылышы боюнча өкмөттөн отчет алууну өз өзүнчө бөлүп, квартал-квартал сайын карап туруу сунушталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз