Пятница, 22 ноября

Босния-Герцеговинада 4 гүленчинин жашап туруу уруксаты жокко чыгарылды

0

Босния маалымат каражаттарындагы кабарларда Коопсуздук министрлигине караштуу Чет өлкөлүктөр башкармалыгы буга чейин Түркия өткөрүлүп беришин талап кылып келген кишилердин төртөөсүнүн жашап туруу уруксаты жокко чыгарылгандыгы айтылган.

Тизмедеги төрт кишинин бири гүленчи деп шектелген, Босния Сема окуу жайынын окутуучусу Али Лафчыоглу. Алар жашап туруу уруксаттарынын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу сотко кайрылган.

Гүленчи деп шектелген бул кишилердин адвокаты Недим Адемовичтин айтымында Босниядагы Чет өлкөлүктөр башкармалыгынын бул чечими боюнча Коопсуздук министрлигине кайрылып, кайрылуу канааттандырылган эмес.

Адемович ишти Босния-Герцеговинанын сотуна алып чыгышканын, акыркы чечимди сот берээрин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз