АКШнын аба күчтөрү Катардагы аба операцияларын жасаган борборун жапты. АКШ борборду Сирия, Афганистан, Ирак жб. аймактарында согуш учактарын башкаруу үчүн колдонуп келген болчу. Катардын Аль-Удейд аба базасында жайгашкан оперативдик борбор Орто Чыгыш, Түндүк Чыгыш Африка жана Түштүк Азиядагы аба операцияларын башкаруучу Түштүк Каролина штатындагы аба күчтөрү базасына ташылып кетти.
Вашингтондун оперативдик борборду өз чегарасына алып чыгып кетүү чечими Иран менен болгон конфликттер күчөп турган маалга туш болгону көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Аба күчтөрүнүн өкүлдөрү журналисттерге берген маалыматында базаны АКШга ташуу көптөн бери пландалып келгенин, бирок, Ирандан келген коркунучтардын арткандыгынын айынан долбоор тездетилгенин баса белгилеген.
Иран аймактагы Американын аскердик базаларына чабуул коюу ниетин бир нече ирет ачык билдирген. Катардагы оперативдик борборго да чабуул болушу мүмкүн”- деп айткан АКШ аба күчтөрүнүн өкүлдөрү.
Кошумчалай кетсек, Сауд Аравиянын мамлекеттик мунай компаниясы Saudi Aramco’го тиешелүү эки обьектке 14-сентябрда курал жүктөгөн учкучсуз аба унаалары менен чабуул жасалган. Сауд Аравиянын мунай өндүрүүсүнө чоң сокку жасаган бул чабуулду Йемендеги Иран колдогон Хуси топтору моюнга алган болчу. Вашингтон бийлиги жана Батыш өлкөлөрү болсо чабуулга түздөн-түз Иранды жоопкерчиликтүү дешүүдө.