Европа Биримдигине кирген өлкөлөр өткөн жылда жалпысынан 7 миллиард 826 миллион евролук кофе импорттогон. Европа статистика борбору (Eurostat) 1-октябрь Эл аралык Кофе күнүнө карата кофе импорту жөнүндөгү маалыматтарды бөлүшкөн.
Маалыматтарга ылайык Европа Биримдигинин мүчөсү болгон 28 өлкөдө 2018-жылы 3 миллион 73 миң тонналык кофе импорттолуп, ага жалпы 7 миллиард 826 миллион евро жумшалган.
Аталган убакытта Германия 1 миллион 99 миң тонна, Италия 587 миң тонна, Бельгия 277 миң тонна, Испания 260 миң тонна, Франция 220 миң тонна жана Англия 193 миллион тонна кофе алып келген.
Европа өлкөлөрүнө кофе экспорттогон өлкөлөрдүн башында Бразилия турат. Бразилия 2018- жылы Европа өлкөлөрүнө 901 миң тонна кофе экспорттогон. Ал эми Вьетнам 770 миң тонна, Гондурас 228 миң тонна, Колумбия 173 миң тонна жана Уганда 161 миң тонна кофе экспорттогон.