Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн, 2-октябрда мектеп директорлоруна жана мугалимдерине акча чогултууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда министр буйрукту ар бир мугалимге чейин жеткирүүнү тапшырды. Мектептердин административдик персоналдарына жана педагогикалык жамаатына окуучулардын ата-энелеринен, же алардын ордун баскан адамдардан маданий-массалык, же башка иш чараларды өткөрүү үчүн акча чогултуу токтотулат.
Ошондой эле министр кол койгон буйрукка ылайык каражат маселелерин талкуулаган ата-энелердин комитетинин жыйналышына да мугалимдер катышпайт. Билим берүү мекемелериндеги мугалимдер жана жетекчилик арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча ишеним телефондору жана ысык линиялар ишке кирет.
Буга карабай мугалимдер, же директорлор тарабынан окуучуларга моралдык-психологиялык басым жасалып, ата-энелерден акча чогултуу фактысы ачыкталса айыптууга дисциплинардык сөгүш жарыяланат, жазалоо жумуштан бошотулууга чейин жетиши ыктымал.