1-октябрдан тарта өлкөдө унаалар туурасында маалымат берүүчү жаңы электрондук кызмат ишке кирди. Бул туурасында «kyrgyz.news» басылмасына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой электрондук кызмат «Carcheck» деп аталып ал жарандарга машина боюнча бардык маалыматтарды берет. Маселен сиз унаа сатып алгыңыз келсе анын күрөөдө же издөөдө эмес экенин дал ушул кызмат аркылуу текшерип алсаңыз болот. Ошондой эле «Carcheck» сизге машинанын бүтүндөй тарыхын, буга чейинки кожоюндарынан бери айтып берет.
Автоунаага байланышкан бардык маалыматтарды Мамлекеттик каттоо кызматынын www.portal.srs.kg атту расмий сайтынан табуу мүмкүн.
Айта кетсек, бул долбоор «Санарип Кыргызстан 2019-2023» алкагында пилоттук негизде башталып 2020-жылга чейин иштейт.