ИИМде акыркы учурларда аткарылып жаткан иштер арбын. Алардын арасынан коомдук тартиптин бекемделиши, кылмыштуулукка каршы күрөш, ички тартиптин сакталышы боюнча өткөрүлгөн ар кандай иш чаралар жана аракеттер коомчулукка жарыяланып келүүдө. бир катар маалыматтарды жарыялап келүүдө. Ошол эле учурда “ИИМде интрига күчөдү”, “ИИМ министри Кашкар Джунушалиев менен анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун ортосунда интрига башталды”, “Абал тынч эмес, өз ара тирешүү бар” дегендей маалыматтар да басма сөз каражаттарына жарыяланып жатат. Биз бул маалыматтардын чын-бышыгын билүү максатында Сүйүн Өмүрзаков менен байланыштык.
Министрдин орун басары коомчулукту аралаган имиш кептерди тактоо аракетибизге ыраазычылык билдирди. Андан ары маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
“Министр Кашкар Джунушалиев экөөбүздүн ортобузда кандай тирешүү же интрига жок. Кызматтан тышкары жеке мамилебиз да жакшы. Биз, ИИМдин жетекчилиги учурда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ички тартипти чындоо багытындагы стратегиялык-реформалык ишмердүүлүктүн алкагында үзгүлтүксүз иш аракеттерди жүргүзүп келүүдөбүз”, — деди Сүйүн Өмүрзаков.