Суббота, 23 ноября

Депутаттар айлыктарынын аздыгына нааразы

0

Бери жагы 40-50 миң долларлык кымбат баалуу унааларды айдаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыктарынын өлчөмүнө коомчулукта кызыгуу чоң экени талашсыз. Көбүнесе эл өкүлдөрүнүн басымдуусу маяналарын жашырып, ачык айтышпайт.

Анткен менен арасында элдин өкүлү болгон эмгегине айына канча акы алып жатканын жашырбагандар да бар экен. Мисалы депутат Карамат Орозова массалык маалымат каражаттарынын бирине айлыгы 25 миң сом экенин айтса, Ата Мекенчи депутат Сайдулла Нышанов 31 миң сом колуна тийээрин билдирген.
Ошондой эле Орозова эл өкүлдөрүнүн жумушу көп болгондуктан мындай сумма өтө эле аз экенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, коомчулукта парламент депутаттарынын маяналары туурасында түрдүү кептер айтылып келет. Нак акчасы 30 миңдин тегереги болгону менен аларга кошумча каражаттар дагы берилип тураары белгилүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз