Эртең менен башталган Профсоюздар федерациясына тиешелүү болгон мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште азыр деле каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү менен бир катар депутаттардын ортосунда кайым айтышуу орун алды.
Кесиптик бирликтер федерация кызматкерлери эл өкүлдөрү тарабынан сунушталып жаткан мыйзамга каршы чыгышкан. Алар айрыкча долбоордогу мүчөлүк акынын өкмөттүн көзөмөлүнө өтүшүнө нааразы.
Ал эми тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы учурдун талаптарына толук жооп бербей калганын баса белгиледи. “Кесиптик бирликтер өзүнүн тарыхы бар, коомчулук турмушунда ээлеген орду бар коомдук уюмдардын бири болуп саналат. Ошондон улам жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыгып, кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктары кыйла такталып берилди”, — деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар тарабынан профсоюздар федерациясынын мүлктөрүн текшерүүгө алуу сунушталды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы кесиптик бирликке өлкө боюнча 38 мүлк тиешелүү болчу. Бирок алардын төртөөсү бир топ жыл мурун сатылып кеткен.