Суббота, 23 ноября

Каныбек Иманалиев: Профсоюз федерациясындагы башаламандыка өздөрү күнөөлүү

0

Профсоюздар федерациясындагы башаламандыка анда иштеген кызматкерлер күнөөлүү. Мындай пикирин депутат Каныбек Иманалиев парламенттеги “Кесиптик бирликтер федерациясы” туурасындагы мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Айтымында федерация кызматкерлери өзүнө тиешелүү болгон 34 ишкананын бирине дагы инвестор тартып келген жок. 80 миң мугалимдин 600 жүзү гана эс ала алат. Бул 1 пайызга дагы жетпейт.

“Профсоюздар федерациясын бул мыйзам дагы ирээтке келтире албайт. Анткени федерация кызматкерлери ич ара бөлүнүп, ал тургай парламент өзү дагы бир пикирге келе элек”-деди Иманалиев.

Эскертек кетсек, кесиптик кошуундар уюмунун кызматкерлери эки күн мурун бүгүн каралып жаткан мыйзамга каршы нааразычылык акцияга чыгышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз