Ошентип бир күн кечке парламентте кызуу талкууга алынган профсоюздар федерациясынын тагдыры эртең чечилмей болду. Дегенибиз кесиптик бирликтер федерациясында чогулган мүчөлүк акыны өкмөттүн көзөмөлүнө алуу, андагы жетекчилик кызматты аркалагандардын жаш курагын чектөө жана ушул сыяктуу бир катар өзгөрүүлөргө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Талкууга аталган мекеменин төрагасы Мирбек Асанакунов катышкан жок. Бул өз кезегинде депутаттардын суроосун жаратты. Ал эми мыйзамды болсо федерациянын жетекчисинин жубайы, депутат Гүлкан Молдобекова төрагалык кылган комитет негизги демилгечи болуп жатканына айрым депутаттар нааразы болушту.
Буга жооп катары эл өкүлү федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов Ысык-Көл облусуна тажыяга кеткенин айтып, кесиптештерин бир нерсе айтаарда этият болууга чакырды.
«Кесиптештер бир нерсени айтарда аярлуу мамиле кылсаңар. Бул мыйзам элге керек болсо колдоого алынат. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы деген сөздөр улам-улам айтылып жатат”,-деди.
Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоору комитетте каралганда кызыкчылыктар кагылышы болгонун, ал эми Мирбек Асанакуновго 2014-жылы кылмыш иши козголгону маалымат каражаттарында жазылганын билдирди.