Суббота, 18 мая

Кыргызстан “Дубай ЭКСПО-2020га” катышат

0

Кыргызстан «Дубай ЭКСПО-2020» аттуу эл аралык көргөзмөгө катышууга камданып жатат. Бул туурасында «kyrgyz.news” интернет сайтына өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык бүгүн уюштуруу комитеттин жыйыны болуп өттү. Анда көргөзмөгө коюла турган экспозициялар талкууланган. Дубайдагы көргөзмөдө Кыргызстандын атынан атайын соода аянтчасы уюштурулат. Ал “Мүмкүнчүлүк” деп аталып, ага улуттук өндүрүштөгү продукциялар коюлат.

Адистердин айтымында эл аралык көргөзмөлөргө катышуу ар дайым ири мүмкүнчүлүктөрдү ачып, биргелешкен соода алаканын өсүшүнө жол ачат. Ошондой эле иш чарага катышуу чоң каржылык чыгымдарды талап кылаары талашсыз.

Анткен менен өкмөт буга каралуучу акчанын так суммасын ачыктаган жок. Чет өлкөгө баруучу топту вице-премьер-министр Замир Аскаров жетектей турганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, «Дубай ЭКСПО-2020» эл аралык көргөзмө Дубай шаарында 2020-жылдын 20 октябрында башталып 2021-жылдын 21-апрелине чейин уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз