Турсунбек Акун “Апрель” телеканалына жана анын журналисти Канат Каниметовго каршы арыз жазды.
“Буга чейин бир нече сот отурумдары арыздануучу тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттын келе албай калганынан улам үзгүлтүккө учурады. Анын ошол убакта башка процесстери бар эле, бул тууралуу сотту алдын ала кабардар кылган. Бирок сот биздин арызды кароосуз калтырууну чечти. А биз кайрадан арызданууга аргасыз болдук”, — деди Акун.
Айтымында бул сапар деле доо арыздын суммасы баштагыдай 500 миң сом. Бирок аталган телеканал акча төлөөдөн жалган маалыматты таратканын моюнуна алып кутулса болот.
“Ютубдагы каналы аркылуу Каниметов өзү жалган маалыматты таратканын моюнуна алса мен материалдык дооматымдан баш тартам. “Апрель” телеканалы аркылуу коомчулукка жарыяланган Атамбаевдин айтканында куру жалаа басымдуулук кылганын ким болбосун билет”, — деди экс-акыйкатчы.
Эске салсак Турсунбек Акун Атамбаевге каршы да арыз берген. Бирок мурдагы президент камалгандан кийин “жыгылганды сабабайт” принцибин карманып 100 миң сомдук доо арызын чакыртып алган.