Понедельник, 25 ноября

Каркыранын балдары мончодо билим алышат

0

Ысык- Көл облусунда окуучулар мончодон билим алышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди.

Айтымында Түп районунун Каркыра айылындагы мончо 1978-жылы курулган. А бирок учурда ал мончолук милдетин аткарбайт, Кыргызстандын келечек муундарынын “билим уясына” айланган. Анткени айылда мектептин ролун аткарууга ылайыктуу башка имарат жок.

“Айылга башка мектептер алыстык кылат, ошондуктан балдар мурдагы мончодо билим алууга аргасыз. Ошол эле имараттын бир бөлмөсүндө айылдык фельдшер оорулууларды кабыл алат”, — деди депутат.
Эске салсак ушул окуу жылынын башталышында Нарын облусундагы Кеңеш айылына контейнер мектеп курулган. Анын ачылыш аземине облустук аткаминерлер катышкан. Контейнерден курулган мектеп коомчулуктун нааразычылыгын жаратып анын айынан Гүлмира Кудайбердиева министрлик кызматы менен кош айтышкан. Ушундан кийин гана өкмөт Кеңеш айылына мектеп курууну колго алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз