Понедельник, 25 ноября

Балдарды китеп, тамак- аш менен ата-энелер камсыздашы керекби?

0

Ата-энелер балдарын окуу куралдары жана мектепте берилүүчү тамак- аш менен камсыздашы керек. Мындай пикирин депутат Евгения Строкова Бишкекте өткөн «Мектептеги акча чогултуулар” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

“Окуучуларды китеп менен камсыз кылууну, тамак — аш берүүнү ата энелер өздөрүнүн моюнуна алышы керек. Ал эми мамлекет калган муктаждыктарды чечүүсү абзел. Мына ушундай тартип орногондо гана мындай талаш чыкпайт. Анткени азыркы китептер мамлекетке жардам катары келген гранттардын эсебинен басылып чыгарылууда. Бирок анын абалын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Бул китептер менен окуу мүмкүн болбой калды. Гранттык акчаларды эч ким көзөмөлдөбөйт, каалашынча колдонуп жатышат. Ал эми ата-энелер китепке же тамак-ашка акча төлөсө алар контролду күчөтөт. Балам эмне тамак жеп жатат, кандай китеп окуп жатат деп кызыгышат. Эгердер ата-эне төлөгөн акчага туура эмес китеп басылып калса алар аны албай коет. Натыйжада китеп чыгаргандарда жоопкерчилик пайда болот”-дейт Строкова.

Ошондой эле депутат айым Билим берүү министринин кечээги буйругу мектептердеги фонддор аркылуу акча чогултууларга тыюу сала албай турганын кошумчалады

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз