Туура бир аптадан кийин Кыргызстандын курама командасы өзүнүн талаасында Мьянманын футболисттери менен бет келишет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спартак стадионунда орун алмакчы. Маалыматты “kyrgyz.news” сайтына Футбол федерациясынан кабарлашты.
Ошондой эле, аталган федерация билеттер сатыкка чыкканын билдирди. Футбол күйөрмандары билеттерди «Фрунзе» соода борборлорунан жана стадиондун кассасынан сатып ала алышат. Баасы 250 сомдон баштап 500 сомго чейин.
Эскерте кетсек, Оюн 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо турунун алкагында уюштурулуп жатат.