Вторник, 26 ноября

Бала бакчаларда өрткө каршы машыгуу өттү

0

5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында Чүйдө атайын окутуу өткөрүлдү. Бул туурасында аталган министрликтен “kyrgyz.news” интернет сайтына билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кайыңды шаарындагы Куш Канат бала бакчасынын тарбиялануучулары өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында бала бакчадагы балдар эвакуацияланып, өрт өчүрүү жана куткаруу иштери жүргүзүлдү. Иш- чарага жалпысынан 18 тарбиячы, 100 бала катышышты. Ал үчүн атайын өрт өчүрүүчү унаасы тартылып кадимки баллондор колдонулган.

Эскерте кетсек, 5-октябрда республика боюнча өрт коопсуздугунун алдын алуу күнү белгиленет. ӨКМ кызматкерлери мындай окутууларды байма — бай өткөрүп келет. Маселен акыркы жылдары Бишкектеги ири базарларда тилсиз жоо чыгып, ишкерлердин миллиондогон суммадагы товарлары күлгө айланган. Мындан улам ӨКМчилер базарлардагы өрт коопсуздугун текшере келгенде алардын дээрлик 80-90 пайызы коопсуздукка жооп бербей турганы аныкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз