Республика боюнча мектептердин күнүмдүк керек жарагына, окуу куралдарга, учурдагы оңдоп түзөө иштерине 3 миллиард сом жетишпейт. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси Назгүл Лосникова билдирди.
Айтымында өлкө боюнча мектептерди каржылоого 3 миллиард жетишпесе, Бишкек шаарындагы жетишсиздик 300 миллион сомду түзөт. Ал эми бул каржылык кемчиликти ата-энелер тарабынан чогултулган фонддордогу акчалар түгөлдөп келет.
“Азыр бюджеттен мектептерге анда билим алган балдардын санына жараша каражат бөлүнөт. Республика боюнча орточо эсеп менен бир окуучуга жылына 18 миң сомдун тегерегинде акча каралат. Бирок өкмөт учурда Билим берүү министрлигине бул цифраны дагы тактап, чыныгы керектөөнүн так суммасын аныктоо тапшырмасын берди. Окуучуга берилчү сумма такталгандан кийин пилоттук долбоорду ишке киргизебиз. Анда кошумча кызматтар үчүн атайын эсептер ачылат, бул фонддордун түзүлүшүн жоюу максатында иштелип чыккан”-дейт өкмөттүн өкүлү.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган пилоттук долбоор турасында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат берген. Ал долбоор алгач Бишкек, Ош шаарларында ишке ашырылаарын, ал эми 2023-жылга чейин фонддорду жоюу бүтүндөй өлкөдө ишке ашат деп билдирген.