Бүгүн, 4-октябрда республика боюнча агартуучулардын күнү белгиленүүдө. Мугалимдердин урматына Улуттук филармонияда иш чара уюштурулган. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыл ичинде өзгөчөлөнүп, артыкчылыкка ээ болгон агартуучуларга сыйлыктарды тапшырат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бул майрамга утурлай Кыргызстанда 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгы көбөйгөн. Айта кетсек, Мугалимдер менен билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы мурун жыл сайын ар кандай датага туш келип, айрым учурда октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленип келген. Кийинчирээк, тагыраагы 1994-жылы 5-октябрь Дүйнөлүк мугалимдер күнү деп бекитилгенден кийин 100дөн ашык мамлекеттер дагы ушул күндү майрамдап калышкан. Кыргызстанда болсо Мугалимдердин күнү ар жылы октябрь айынын биринчи жумасында белгиленип келет. Бул саам 5-октябрь ишемби күнгө туш келгендиктен бүгүн белгиленип жатат.