“Эгерде Атамбаев туура кадам жасаса азыркыдай акыбалга кептелбей эл көзүнө баатыр бойдон калмак”, — деди экс-премьер-министр Феликс Кулов Кой-Таш окуясын иликтеген Коомдук комиссиянын жыйынында.
Ал мурдагы президенттин эмнеден жаңылыштык кетиргенине анализ жасады. Пикиринде Атамбаев тергөөчүгө чоочулабай эле бара бериши керек болчу.
“Мени камайсыңарбы, же күбө катары чакырып жатасыңарбы, болуптур мен барайын”, — деп эле айтышы керек эле. Эгер күбө катары чакырып туруп камап салышса: “Мына, көрдүңөрбү тигил жакта ким отурганын. Мени күбө катары чакырып камап салышты. Алдашты”, — деп кенен айта алмак. Ошондо ал эл көзүнө баатыр көрүнмөк, каршылаштарынын баарын утуп чыкмак. Антүүнүн ордуна үйүнө жашынып алды”, — деди Кулов.
Ошондой эле күч кызматтары Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасаган алгачкы мүнөттөрдө эле өзү кол көтөрүп чыгып берсе туура болмоктугун белгиледи. Мына ошондо, Куловдун пикиринде Атамбаев өзүн чыныгы эркек экенин далилдемек. А кокус ошондо камалганда деле баатыр сыпатынан жазмак эмес.
А бирок мурдагы өкмөт башчыга укук коргоо кызматтарынын мурдагы президентти кармоо операциясы жаккан эмес. Аларга карата сынды мындайча айтты:
“Операцияны ким иштеп чыкса да менде сөз жок. Кантип ушундай кылууга болсун? Камагыңар келеби ЖЭБ боюнча сотко чакыргыла деп айткам мен аларга. Акыр аягында Атамбаевге “Сенин балдарың соттолуп жатат, аларга болушкуң келсе сотко кел”, — дешсе деле болмок да”.
Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармалган. Ага дейре 7-августта да үйүнө чабуул болуп бирок тарапташтарынын каршылыгынан улам күч түзүмдөрү максатына жетишкен эмес. Учурда мурдагы президент УКМКнын абагында кармалууда