5-класстын окуучусун тебелеп кеткен автобустун айдоочусу ошол каттамдын бригадири болгон. Бул туурасында транспорт башкармалыгынын өкүлү Нурлан Атыканов жергиликтүү каналдардын бириндеги түз эфир учурунда билдирди.
Айтымында 18-каттамдагы коомдук транспортту башкарган айдоочу ал жакта 2011-жылдан тартып эмгектенип келген. Ал эми айдоочулук күбөлүгү боюнча жалпы эмгек жолу 2005-жылдан эсептелген.
“Сиренов Нурлан ушул №18 каттамдын бригадири болуп шайланган. Сегиз жылдан бери эч кандай одоно эреже бузууларды жасаган эмес. Тартиптүү айдоочулардын бири болчу. Кырсык болуп кетти. Бул боюнча транспорт тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэрдин катышуусунда ошол күнү чукул жыйын өтүп, башка айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда Нурлан 48 саатка кармалды. Ал эми кырсык боюнча иш кагаздар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди”-деди Атыканов.
Айта кетсек, 3-октябрь күнү Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусу №18 автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза тапкан.
