Жыл сайын гемодиализге муктаж болгондордун саны 350 адамга өсүп жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев «Ата Мекен» фракциясынын бүгүнкү өткөн жыйынында билдирди.
Айтымында учурда 1235 жаран гемодиализдин жардамына муктаж. Жыл сайын гемодиализ алууга муктаж болгондордун саны 350 адамга көбөйүүдө. 2010-жылга чейин бул көрсөткүч 100 адамга жетчү. Бирок 2015-жылдан тартып кескин түрдө көбөйүп жатат. Ал эми гемодиализ алгандардын өмүрү узарууда.
Ошондой эле Чечейбаев бүгүнкү күнү гемодиализге кезек күткөндөр жок экенин, 2019-жылдан тартып мамлекеттик камсыздоо фонду 18 гемодиализ борбору аркылуу бейтаптарга жардам көрсөтүп жатканын, МКФ менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленген баа менен 764 оорулуу гемодиализди жеңилдетилген шартта алып келээрин кошумчалады.
Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) оорулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт оорудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.
Дарыгерлердин айтымында Кыргызстанда акыркы учурда өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын көбөйүүсү адамдардын өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасагандыгынан улам болууда. Негизинен ар бир адам жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп турушу шарт. Тилекке каршы, көпчүлүк буга маани бере бербейт. Ошол кароодон өткөндө оорунун алгачкы белгилери байкалса дароо дарыланып, бейтаптын какыс айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок адамдар качан гана оору өтүшүп кетип, төшөктө жатып калганда гана дарыгерге кайрылышат. Бөйрөк дартында оорунун белгилери жаңы башталган учурда дароо билинбейт.