Суббота, 18 мая

Эртең Ош шаарынын 3019 жылдыгы белгиленет

0

Азыркы учурда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул күнү шаарда бир катар маданий-массалык иш-чаралар өтөт.

Түштүк борбордун 3019 жылдыгын майрамдоонун алкагында “Гүл фестивалы” жарманкеси, “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу кароо-сынагы, “Боорсок фестивалы” , “Күз берекеси” аттуу айыл-чарба жарманкеси, Салбуурун элдик оюндары жана бир катар улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Ал эми кечкисин А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо белгилүү эстрада ырчылары, бийчилери жана фольклордук топтордун катышуусунда гала концерт болот.

Ошондой эле, Ош шаарынын тарыхын чагылдырган театралдык көрүнүштөр көрсөтүлүп, жаштар үчүн бий кечеси уюштурулат.

Жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү катары белгиленип келет. Быйыл Ош шаарына 3019 жыл болду.

Ош – 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. Төртүнчү жана б. з. 5-кылымдарында шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. VII-X кылымдарда Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.

Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырымдай. Калкы 300 миңге чамалуу. Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу. Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз