Суббота, 4 мая

Мугалимдердин көйгөйү чечилсе мамлекет оңолот

0

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнүн белгилешет, дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урматтын символу жана ыраазычылык билдирүүсү катары кабылданып калды.

Кыргызстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылы республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген.

Азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы  1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын арасынан олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамына карата ыраазычылыктарды 78 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 22 миң шаардык, 56 миңге жакын айыл жерлериндеги мугалимдер.

2018/2019-окуу жылынын башында республикада 2 265 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде аял мугалимдердин пайызы эркек мугалимдерге караганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 28 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басарынын кызматын аркалашат.  

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Маселен, 2018/2019-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашууну жогорку билимге ээ болгон.

Мугалимдердин жүктөмдөрүнүн деңгээли мектептерде жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүктөмү кыйла айырмаланат. Эгерде шаардык мектептерде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдык мектептерде орто эсеп менен 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогдук кесипти тандаган.

2018/2019-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 5 миңден ашык келечектеги педагогикалык кызматкерлер бүтүп чыгышты.

4-октябрда Кыргыз Республиканын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун  4-октябрда Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада окуду.

«Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Санарип коомду куруу, билимге негизделген  экономиканы калыптандыруу — билим берүүнүн ролун күчөтүүнү, окутуу ыкмаларын өзгөртүүнү, анын ичинде санариптик билимди өнүктүрүүнү шарттайт.

Негизги максатыбыз — ар бир адам үчүн өз дараметин ачууга көмөктөшкөн, практикада колдонууга багытталган,  дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашкан, азыркы  суроо-талапка жооп берген сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзүү.

Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз.

Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор.

Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү — эң зарыл сапаттар.

Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртууга бардык аракеттерди көрүп жатат.

Жаңы бала бакчалар жана мектептер колдонууга берилип, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жакшырып, анын ичинде санариптештирүү процесси ишке ашырылууда.

Ушул жылдын октябрь айынан тартып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады.

Мамлекет ушуну менен токтоп калбайт, балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн мугалимдерге татыктуу шарттарды түзүп берүү — биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири!

Кыргызстандын жаштарын окутууда жана тарбиялоодо талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазылык билдирип, сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана зор ийгиликтерди каалайм!»,- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Өз кезегинде кыргыз өкмөтү да быйылкы жылы өлкөбүздүн экономикалык жана каржылык жактан кыйналып жаткандыгына карабастан, мугалимдерге майрам алдында чоң белек тартуулап, эмгек маяналарын 30%га көтөрдү. Мындан ары мурда 12 миң сом айлык маяна алган бала бакчалардын тарбиячылары менен мектеп мугалимдери 17 миң сомдон маяна алышмакчы. Өкмөт бул ирет жөн гана мугалимдердин маянасын жогорулатуу менен чектелип калбастан, билим берүүнүн сапатын да көтөрүүнү талап кылууда.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев мугалимдерди куттуктаган сөзүндө “Мугалимдик кесип – бул өзүнө талант, чыгармачылык жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство”,- деп билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп саналат.

«Дени сак жана билимдүү коомдой баалуу нерсе жок. Бул мамлекеттин өнүгүүсү үчүн туура кадам. Жогорку билимдүү жана дени сак коом гана бардык кыйынчылыктарды жана оордуктарды жеңе алат. Билимге жана чыгармачыл жолго умтулуу гана адам үчүн эскиден заманбап индустриалдык коомго тарыхый секирик жасоого шарт түзөт», – деди ал кесип ээлерине арналган республикалык атайын жыйында.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мугалимдин ролу жогору жана ар дайым сый-урматка ээ болуп келген.

«Бүгүн дүйнө глобалдык өзгөрүүлөрдүн алдында турганда жашоонун бардык чөйрөлөрүндө мугалимдин ролу артты. Дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү, кризистер, келишпестиктер жана санкциялар, планетанын жаратылыш ресурстарын керектөө жана рационалдуу пайдалануу балансынын бузулуусу, жумушсуздук жана жакырчылык – бул карама-каршылыктардын баары бүгүн дүйнөлүк коомчулуктун мындан ары карай өнүгүүсү үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Буга байланыштуу өзгөчө белгилей кетчү нерсе, азыркы тапта мугалим болуу – бул ардактуу гана эмес, жооптуу дагы. Анткени дал ушул мектептерде адамдын интеллектуалдык негизи калыптанат, ал инсан катары калыптанып, өз элине жана коомго пайдалуу болууну шарттайт», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бүгүн технологиялардын кылымында дүйнө ыкчамдык менен өзгөрүп жана өнүгүүдө.

«Муну менен бирге билим берүү ыкмалары жана мамилелери өзгөрүп жатат. Мугалимдерибиз дагы замандан артта калышкан жок. Эксперттер белгилешкендей, бүгүнкү күнү заманбап технологияларды киргизүүдөн улам 70% салттуу кесиптер өзүнүн маанилүүлүгүн жоготууда. Мугалимдик кесип ар дайым керек, бирок буга карабастан, силер үйдөгү түйшүгүңөрдү экинчи орунга коюп, квалификацияңарды заман талабына ылайык жогорулатып жатасыңар. Ар бир ата-эне силерге өзүнө эң кымбат болгон – баласын ишенип тапшырат. Алар кандай чоңоюшат жана келечекте ким болушат көбүнесе  силерден көз каранды», – деп ырастады ал.

Премьер-министр Ысак Бекбоев, Мукаш Базаркулов, Аман Сманбаев, Бектур Исаков, Антонина Зырянова, Семила Абдрахманова, Татьяна Першина сыяктуу атамекендик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө зор салым кошкон мугалимдерди атап өттү.

«Биздин эл бардык учурда чыгармачылыкка жана билим берүүгө өзгөчө маани берип келген. Байыркы жазуулар жана кыргыз маданияты азыркы илимпоз-тарыхчылардын терең изилдөөгө алган предмети болууда. Биздин эл дүйнөгө улуу «Манас» эпосун, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду белек кылды. Билимге умтулуу менен биз бакубат жашоого жана өнүгүүгө жешишээрибизге ишенем. Жеңил эмес эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана чеги жок оптимизм үчүн билим берүү тармагындагы бардык ардагерлерге, учурда эмгектенип жаткан педагогдорго ыраазычылык билдиребиз. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайм», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Албетте, жогорудагы ийгиликтерге карабай, азырынча мугалимдердин социалдык көйгөйлөрү толук чечилди деп айтууга эрте. Анткен менен мамлекет башчыбыз жана өкмөт жетекчисинин баардык кесиптердин башаты болгон мугалимдерге көңүл буруп жатышы – бул Кыргызстандын келечеги үчүн көрүлгөн камкордук деп айтууга болот.

Адилет Жолдошов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз