Воскресенье, 24 ноября

Гемодиализ алган бейтаптардын чыгымы мамлекеттин моюнунда

0

Мамлекет гемодиализ алган бейтаптарга жардам берүү максатында 974 миллион 200 миң сом каражат бөлөт. Мындай маалыматты “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди.

“Гемодиализ алган бейтаптардын чыгымын толугу менен мамлекет төлөйт. Ал үчүн бюджеттен ушул жылы 651 миллион сомдон ашык акча каралган. Кийинчирээк кошумча катары дагы 322 миллион 700 миң сом бөлүп бергенбиз. Натыйжада 2019-жылы гемодиализге 974 миллион 200 миң сом бөлүнгөн”-деди Азимов.

Мындан тышкары каржы министринин өкүлү келерки 2020-жылы дагы оорулуу бейтаптарга ушундай жардам көрсөтүлөөрүн белгиледи. Акча саламаттык сактоо министрлигине жана мамлекеттик камсыздоо фондуна бөлүнүп берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз