Воскресенье, 24 ноября

Мугалимдерди майрамы менен куттуктоодон уялган жокпузбу?

0

Бүгүн Мугалимдердин күнү. Бул майрамга карата мектеп курагындагы балдары бар ата-энелер билим берүү жаатынын кызматкерлерине каалоо-тилектерин айтып түгөтө албай жатышат. Алардын арасынан бир куттуктоо көзгө өзгөчөлөнүп урунду.

“Урматтуу Элиза Эрадиловна! Сизди жана өлкөбүздүн бардык мугалимдерин Мугалимдер күнү менен өкүнүү менен куттуктайм! Тилекке каршы Сиздин жана өлкөбүздүн бардык мугалимдеринин эбегейсиз мээнетине бийлигибиз татыктуу ыраазычылыгын билдире албай жатат. Биз, ата-энелер бул калыстык эместигин түшүнөбүз жана Сиздердин балдарга болгон мээримиңиздерге жана Сиздердеги чексиз альтруизмге таазим кылабыз”, — деп жазылган куттуктоодо.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев “Kyrgyz.news” сайтына билдиргенине караганда Кыргызстандагы мугалимдердин абалы чындыгында көңүл жубатаарлык эместигине кошулат. Куттуктоодо ата-эне мугалимдердин эмгегин түшүнүп, бирок аны жетиштүү баалоого мамлекеттин дарамети жетпегенине өзүн күнөөлүү сезип жатканын белгилеген саясат талдоочу: “Мугалимдерди биз жылуу сөз менен гана кубаттап калдык. Андан башка кылаар айлабыз жок”, — дейт.
Ал белгилегендей Кыргызстанда айрым бийлик төбөлдөрү миллион сомго чейин айлык алышат. Алар аны мыйзамдаштырып алышкан. Пенсиялары 200 миң сомго чейин жетет. Ал эми мугалимдердин маяналары да болбогон суммада, анын негизинде пенсиясы да аз чыгат.

“Бул акыйкатсыздыкты жөн эле коелу, жумшак айтканда калыссыздык. Биздин аткаминерлердин айлык акысын карап көрөлү, бир айда мугалимдердикинен беш-алты эсе көп акчаны колуна кармашат. А бирок алардын кылган ишин, эмгегин мугалимдердин мээнетине теңөө мүмкүн эмес. Мисалы депутаттарды деле алалы. Алардын айына канча маяна алаары баарыбызга белгилүү. Жогорку суммадагы маянаны өздөрүнө ылайыктап мыйзамдаштырып коюшкан. Ошолор мугалим жасаган эмгектин жарымын жасап жатышабы? “А” деген арипти таанытып, кат-сабаттын жоюулушуна өбөлгө болуунун, келечек муундарды тарбиялап, коомго сабаттуу адамдарды кошуунун өзүндө эмне деген эмгек, мээнет жатат. Баарыбыз мугалимдер аркылуу дүйнөнү тааныдык. Ар бирибиздин азыркы ийгилигибиздин, жашообуздун башатында мугалимдер турат. А бирок биз аларга эмне кылдык? Жарыбаган айлык чегерип, жетишпеген жашоого түртүп койдук”, — деди Бакыт Бакетаев.

Өлкөдө карапайым жарандардын балдары кез келген кыйынчылык мамлекеттин акчасын уучтап отурган “чоңдордун” балдарына бейтааныш экенин да Бакыт Бакетаев белгиледи.

“Ар бир класста кырктан ашса ашат, бирок андан кем эмес окуучу билим алат. Бул карапайым адамдардын балдары туш келчү көрүнүш. Ал эми байларыбыз, аткаминерлерибиз балдарын акы төлөп жеке менчик мектептерге беришет. Андай мектепте бир класста ашып кетсе 15 окуучу болот. Мына акыйкатсыздыктын учугу кайда жатат. Ошондуктан өлкөдө мектептердин жетишсиздиги, балдардын контейнерлерде, боз үй, мончолордо билим алып жатканы аткаминерлерибизди түйшөлдүрө бербейт. Анткени алардын балдары мындай абалга туш келишпейт. Бир мамлекетте жашап туруп эки башка жашоо кечирүүдөбүз. Бир тарап карапайым калк – балдары шарты жок жерде билим алышат, а экинчи тарабы аткаминерлер – булар өз көмөчүнө күл үйүп коюшкан, кем-карчы жок бакыбат жашоодо доорон сүрүшөт. Ал эми мугалимдер жети миң үчүн күндүз үй бетин көрбөй, а түнү кагаз толтуруп уйкудан аксап эмгектенүүгө аргасыз”, — деди Бакыт Бакетаев.

1-октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул маянасына жараша ар бир мугалимге 100 сомдон 300 сомго чейин кошулат деген сөз. Аз болсо да агартуучулардын маяналары жогорулай баштаганына шүгүр келтирүүдөн башка аргабыз жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз