Суббота, 27 апреля

Текебаевдин Атамбаевдин уулу Кадырга айткан насааты

0

6-октябрда “Республика-Ата — Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев уулун үйлөнттү. Чоң тойго бир катар саясатчылар жана депутаттар келди. Алардын арасында Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов да бар. Аны менен катар Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев да үйлөнүү үлпөттүн коногу болгону бир сүрөт аркылуу белгилүү болду. Ал сүрөттү Фейсбуктун колдонуучусу Искен Афиджанов баракчасына жайгаштырды.

Ага улай жазылганга караганда Кадыр саясатчыларга өзү келип сүрөткө түшүүнү суранган.

“Депутат Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда ал жерде отурган Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевге капысынан өзүнүн демилгеси менен мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев келип учурашып, чогуу сүрөткө түшүүнү суранды. Өмүрбек Текебаев ага мындай деди: “Жаш кесиптешим жаңылыштык кетирүүдөн коркпо, аны оңдой бил, анткени бул өзүңдү калыптандыруунун мыкты ыкмасы”.

Текебаев Атамбаевдин бийлиги убагында ал жана анын тарапташтарынын айтымы боюнча жасалма иштин негизинде соттолгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз