Суббота, 27 апреля

Стамбулдагы этно фестиваль: Кыргыздар түрк элдерин таң калтырды(видео)

0

Түркиянын Стамбул шаарында IV этноспорттун Маданий фестивалы өтүп жатат. Ататүрк Эл аралык абамайданынын аймагында болуп жаткан Фестиваль бүгүн, 6-октябрда аяктайт. Иш чара Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулган.

Бул жылы фестиваль Pilavdan Dönenin Kaşığı Kırılsın (“Палоодон баш тарткандын кашыгы сынсын”) ураанынын алдында өткөрүлгөнү белгилүү болду. Келген коноктор улуттук оюндар менен катар 16 өлкө-катышуучунун: Афганистан, Албания, Азербайджан, Палестина, Грузия, Косово, Молдова, Монголия, Өзбекстан, Пакистан, Сенегала, Судан, Танзания, Тунис, Украина жана Йемендин улуттук тамак-ашынан да даам сыза алышты.

Коноктордун өзгөчө кызыгуусун жирит (түрк элинин улуттук оюну) боюнча турнир, жаа атуу жана аба гүреш (бул дагы түрк элинин улуттук күрөшү) жаратты. Ошондой эле жылкылардын коштоосундагы ар кандай шоулар да эч кимди кайдыгер калтырбады. Каалаган көрүүчүлөргө анын ичинде улуулар жана жаш балдар да бар, адис чабандестердин коштоосунда аянтта ат чабуу мүмкүнчүлүгү да тийди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз