Суббота, 27 апреля

Бекназаровдун тагдыры ушул жума чечилет

0

«Менин Малайзия мамлекетине элчи болоор- болбосум ушул жумада чечилет», — деди белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында.

“Менин президент менен жолукканыма бир жылдан ашып калды. Ошондо Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттерге элчи болуумду сунуштаган. Мисалы Түркияга, Азербайджан жана башка. Бирок мен ал жакка барган жокмун, себеби курултайдагы биздин талаптар аткарылмайын мен кызматка барбайм дегем. Президенттин кийлигишүүсү менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бизди кабыл алган. Бирок Жогорку Кеңеш, төрага биз менен ушул күнгө чейин жолугушуу өткөргөн жок. Ошол үчүн Малайзияга элчи болуу сунушуна мен так жооп бере элекмин. Ушул жумада спикер менен жолугабыз. Менин элчи боломбу, болбоймбу мына ошондо чечилет”,-дейт Бекназаров.

Эскерте кетсек өткөн аптада социалдык тармактарда мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Малайзияга Кыргызстандын атынан элчи болот экен, бардыгы чечилип калыптыр деген маалымат тараган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз