Суббота, 27 апреля

Тогуз жыл мурда жоголгон акчалар Атамбаевдебы?

0

Азимбек Бекназаров банк ячейкаларынын тонолушунда Убактылуу өкмөттүн эч кандай күнөөсү жоктугун айтууда.

Бүгүн маалымат жыйынында саясатчы акчанын дайынын Атамбаевден сураш керек деп кайсы бир сырдын учун кылтыйткандай болду.

«Атамбаев банк ячейкаларынын тонолгонуна бизди, убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айыптаган. Эгер биз акча алган болсок анда Темир Сариевди премьер-министр кылып дайындабайт болчу да. Анын үстүнө бир дагы киши акчамды уурдап алышты деп биздин үстүбүздөн даттанышкан эмес. Ячейкада 2 миллиард долларга жакын акча бар болчу. Ал акчалар кайда кеткенин Атамбаевден сураш керек», — деди Бекназаров.

Ошондой эле анын айтымында УӨнүн 2010-жылдын июнь айында орун алган Ош коогалаӊына да эч кандай тиешеси жок. Саясатчы убактылуу өкмөттү айыптадыӊар деп журналисттерге таарынып да алды:

«Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деген кимдер? Аларды революционер менен алмаштырбагыла. Бизди 2020-жылдагы кан төгүлүүгө айыптадыӊар. Ашл күнү жок дегенде бир аскер кызматкери өлдү беле? Убактылуу өкмөт деген оор кырдаалда жоопкерчиликти өз моюнуна алган 14 адам, алар аракетин укуктук талаага чыгарууга жумшады. Андан кийин биз тарадык, ошону менен бийликке келбедик», — деп бүтүм чыгарды Бекназаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз