Понедельник, 20 мая

Исхак Масалиев: Митингге чыккыла! (видео)

0

Кесиптик кошуундар уюмунун кезектеги нааразычылык акциясына депутат Исхак Масалиев дагы кошулду. Ал чогулгандардын алдында сөз сүйлөп федерация айрым кесиптештери тарабынан өзүнүн көз карандысыздыгын жоготуу коркунучуна кептелип турганына кейиди.

“Урматтуу агайын туугандар, мыйзам керек, бардык нерсени көзөмөлгө алыш керек. Бирок менин айрым кесиптештерим профсоюздар федерациясындагы уурулукту жоебуз деп жатышат. Бирок мүчөлөрдү шайлоо тартибине, отчет берүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү бул башка. Коомчулук менин кесиптештерим жакшы иш жасап жатыптыр деп ойлоп алышкандыр. Профсоюздардын мүлкүн сатууга тыюу салса болот, бирок кандай жол менен экенин сиздер менен бирге чечиш керек. Ал үчүн биринчиден сиздердин чечим керек. Мен сиздерди жолдоштор деп атайм, анткени сиздер жөнөкөй адамсыздар, завод, фабрикаларыңар, байлыгыңар жок. Силер бүгүнкү күнү жеңилдетилген путевкаларды бергенден башка эч нерсе кылбай калдыңар. Силердин милдет башка, силер ар бир адамды коргошуңар керек», -деди Масалиев.

Мындан тышкары депутат: «Мэрия Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салганы менен бул жерге чыгууга тыюу сала албайт. Келгиле ушул жерде нааразычылыгыбызды билдирип туралы»,- деди.

Айта кетсек, митингчилер профсоюздар федерациясына байланышкан мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын фамилияларын аттарын жана фракцияларын жазып илип алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз