Четверг, 9 мая

Федерация кызматкерлери дагы митингге чыгышты

0

Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери бүгүн дагы Жогорку Кеңеш карап жаткан мыйзамга каршы митинг өткөрүштү. Алар парламент долбоорду кабыл алса профсоюздар федерациясы көз карандысыздыгын жоготуп, толугу менен өкмөткө баш ийип калат деп кооптонушууда.

Айтымдарында кесиптик кошуундар уюмунун бирдиктүү иш алып баруусунун арты менен гана аларга тиешелүү болгон эс алуу жайлары, мейманканалар, пансионаттар сакталып келет. Эгерде сунушталган мыйзам ишке кирсе жогоруда айтылган имараттар кимдир бирөөнүн менчигине өтүп кетиши ыктымал.

Митингге чыккан 100дөн ашык жарандар бир ооздон мыйзамдын демилгечилерин, аны колдоого алган депутаттарды эл душманы деп аташты.

Эскерте кетсек федерация кызматкерлери буга чейин дагы митингге чыгышкан. Алар кесиптик кошуундар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы болушууда. Долбоордун демилгечилери болсо, мыйзам аталган мекемеде ачыктыкты алып келип, анын мындан ары өнүгүшүнө салым кошот деп эсептешет. Долбоор Жогорку Кеңеште эки окууда каралып жактырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз