Понедельник, 25 ноября

Жапжаш туруп билим берүүнүн отличниги болгон мугалим министрдин тууганыбы?

0

Жакында “Билим берүү отличниги” наамын алган 23 жаштагы мугалим Бактыгүл Жапар кызы министр Каныбек Исаевдин тууганы эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Эске салсак Мугалимдер күнүндө өлкөнүн бир катар билим берүү жаатынын кызматкерлери сыйланышкан. Алардын арасында Бактыгүл Жапар кызы да төш белги алган. Кийинчерээк соцтармактарда аталган мугалим араң гана 23 жашка чыкканы жана үч жылдык гана тажрыйбасы бардыгы айтылган. Бул көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, ал турмак аны министр Каныбек Исаевдин тууганына айланткан божомолдор да айтылган.

Буга байланыштуу бүгүн аталган министрлик маалымат таратты. Анда мугалим Ош шаарынын билим берүү бөлүмүнүн мыйзам чегиндеги көрсөтмөсү менен сыйланганы айтылат.

Маалыматка таянсак 2018-жылдын 12-февралындагы буйруктун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги “Билим берүүнүн отличниги” төш белги менен республикалык “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүлөрүн, мугалимдер арасындагы эл аралык жана республикалык ар кандай сынактардын катышуучуларын жана байгелүү орундарга ээ болгондорду, көз карандысыз рейтингге туш келген кызматкерлерди сыйлай алат. Ошондой эле бул тизмеге билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга салым кошкондор да кирет.

“Ал эми Бактыгүл Жапар кызы сыйлыкты Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар тууралуу мыйзамынын негизинде алды”, — деп белгилейт аталган министрлик. Ал маалыматка караганда Ош шаарындагы №50 мектептин мугалими жана 2019-жылы “Жыл мугалими” болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз