»Руслан Казакбаевди биз убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тышкы иштер министри кылып шайлаганбыз. Ал киши бизге иштеп берген. Ошондон бери жакшы тааныйм. Жолуккан жерде «ака-үкө» болуп жүрөбүз», — деген Бекназаров тойго чакыруу алгандыктан барбай коюу мүмкүн болбогондугун айтты.
“Менин Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуштаганым туура экенин кечээ ошол той дагы татстыктады. Анткени ошол эле тойдо Атамбаевдин аялы, баласы отурат. Бабанов, Текебаев, Ташиев, Мадумаров, Бекназаров дагы отурду. Тактап айтканда биз кыргыз кичинекей элбиз, эртең эле бир жерден болбосо бир жерден жолугабыз. Ошондо кызыктай жагдай жаралып калат. Бири бирибизди жазалагандан, каралагандан тышкары аяп, кечиримдүү болгонду да билишибиз керек. Ооба, кечээ аткаминерлердин Рая айым менен бийлегендерин, сүрөткө түшкөндөрүн көрдүм. Муну президент деле көрүп жатса керек. Бирок мен Таластын аксакалдары менен отурдум эле, аларга барган жокмун, сүрөткө түшкөн жокмун. Аксакалдар менен отургандан кийин алар кичүү болуп учурашса учурашат элем, алар келген жок мен барган жокмун”, -деди саясатчы.
Эскерте кетсек, кечээ депутат Руслан Казакбаев баласынын үйлөнүү тоюн өткөрүп ага Кыргызстанда элге төбөсү көрүнгөндөрдүн бардыгын чакырган. Ошондой эле тойго мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жубайы менен баласы да барган. Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун Кадыр Атамбаевди ортого алып түшкөн сүрөтү талкууга түшкөн.