Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун Малайзия өлкөсүнө Кыргызстандын атынан элчи болуп бараары туурасында кабары жок. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитеттин отурумунда депутат Чыныбай Турсунбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбеков ТИМ министринин орун басары Азизбек Мадмаровго кайрылып: “Журналисттер менден Бекназаровдун элчи болоору чынбы деп сурап жатышат, чын эле Азимбек Бекназаров элчиликке сунушталып жатабы ?” – деп сурады.
Өз кезегинде Мадмаров анда мындай маалымат жок экенин айтты.
Эскерте кетсек өткөн аптада Азимбек Бекназаровдун Малайзияга Кыргызстандын атынан элчи болот экен деген маалымат чыгып, кечээ муну ал өзү тастыктап, элчилик кызмат президент тарабынан сунушталганын бирок ал курултайдагы чечимдер аткарылмайын кызматка барбай турганын билдирген болчу.