Бишкекте Кыргызстандын футбол федерациясынын демилгеси менен «Футбол кечи» аттуу иш чара өттү.
Ага белгилүү спортчулар, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары, машыктыруучулар, мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана саясатчылар келишкен.
Бирок көпчүлүктүн көңүлүн бурганы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов болду. Бул иш чарага ал дагы чакырылган. Интернетте тараган видеодо футболисттер чыкканда анын башкалар катары аларды кол чаап тосуп турганын көрүүгө болот.
Иш чаранын кээ бир катышуучулары Матраимовдун бул спорттун түрүнө акчалай колдоо көрсөтүп келгенин айтышкан.
Эскерте кетсек, коомчулукта ага ини Матраимовдор жөнүндө ар кандай кептер айтылып келет. Мисалы жакында эле Азаттыктын опертору сабалганы туурасында маалымат чыккан. Буга Матраимовдордун үй -бүлөсүнүн жакындарынын катыштыгы бар экени айтылып териштирүү башталган.