Вторник, 26 ноября

Аликбек Жекшенкулов талашка түштү

0

Кыргызстандын Армениядагы элчилик кызматына Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Бир катар депутаттар буга каршы чыгышты. Анткени Аликбек Жекшенкулов учурдагы Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси.

Мисалы депутат Бахадыр Сулейманов Жекшенкуловду кошумча башка мамлекетке элчи кылуу менен анын ишин ансайын оорлотуп жатасыңар деди. “Сиздер Арменияны ага жүк кылып жатасыздар. Армения каякта да, Москва каякта? Ал жакта Грузия, Армения, Азербайжан бар. Эмнеге Кавказды чогуу кылып койбойсуздар? Украина Белорусияга жакын бирок башка башка элчиликтер бар да”, -деди Сулейманов.

ТИМ министринин орун басарынын айтымында Азербайжан менен Арменияда бир элчилик ачуу мүмкүн эмес. Анткени эки мамлекеттин ортосунда маселе бар. “Эки мамлекетке бир элчини дайындоо туура эмес болгон. Бирок Армения Россия сыяктуу эле ЕАЭБге кирет, ЖККУнун мүчөсү ошондуктан Жекшенкуловду аккредитациядан өткөрдүк”-дейт Мадмаров.

Айта кетсек Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2019-жылдын 15-январында дайындалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз