Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.
Айтымында Кылычев менен тергөө кызматташуу боюнча келишимге келишкен.
«Мындан улам мурдагы президенттин бир убактагы тарапташы Атамбаев бийликти күч менен басып алууну көздөп, мамлекеттик төңкөрүш жасоого камылга көргөн деп айтыптыр. Ошондой эле ал Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Канат Сагымбаевге да каршы көрсөтмө бериптир. Ал аталгандардын баары массалык башаламандыкты уюштуруп, жоокерлерди барымтага алган деп белгилептир», — дейт адвокат.
Эске салсак Атамбаев учурда УКМКнын абагында кармалууда. Аны темир тор артына 26-октябрга чейин калтырууга сот чечим кылган. Ага бир катар оор беренелер боюнча айып тагылган.
Ал эми Алга Кылычев 10-августта камакка алынган. Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда.