Вторник, 26 ноября

КСДП: Кылычев басымдан айынан каршы көрсөтмө берүүдө

0

КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева ушул эле партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевдин Атамбаевге жана бир катар ксдпчыларга каршы берген көрсөтмөсү тууралуу кабардар. Ал Алга Кылычев басмырлоого чыдай албай ушундай кадамга барды деп эсептейт.

«Бир канча убакыт мурда аны менен бетме бет суракка алуу учурунда кездешкем. Ал ошондо абдан эле моралдык жактан басынып калгандай көрүнгөн. Анын үстүнө ооруп да жатыптыр, сахар диабети жана астма менен жабыркайт. Кыязы ага басым көрсөтүшүп, ушундай ыкма менен бизге каршы көрсөтмө алышкан болушу керек», — деди Жолдубаева.

Эске салсак Кылычевдин көрсөтмөсү бүгүн белгилүү болду. Ал көрсөтмөсүндө Атамбаев 7-8-августта мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти күч менен басып алууга аракет көргөнүн белгилегени айтылууда.

Эске салсак Кылычев 10-августта кармалып, сот чечими менен эки айга камакка алынган.
Камакка алынган адамга каршы көрсөтмөнү анын жанындагылардын издөө биринчи жолу болуп жаткан жок. «Ата Мекен» партиясынын лидери Ө Өмүрбек Текебаев үй камагына чыгарылгандан кийин жанындагы партиялашы Дүйшөнкул Чотонов бир ооз сөздү айтпай койгону үчүн абакка отуруп чыкканын билдирген. Текебаев өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартып, темир тор артында отурууга да кайыл болгон партиялашынын эрдигине тан берип, ыраазычылыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз