Вторник, 26 ноября

Жекшенкулов кош элчи болот

0

Аликбек Жекшенкуловдун Армения өлкөсүнө элчиликке талапкерлиги депутаттар тарабынан колдоого алынды. Бүгүн, 8-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлигинин маалыматы угулган. Анда министрдин орун басары Мадмаров Армениядагы элчиликти жетектөөгө Аликбек Жекшенкулов ылайыктуу болуп турганын айткан.

Белгилей кетсек Жекшенкулов учурда Кыргызстандын Россиядагы элчиси. Ал жалпы депутаттардын колдоосуна татыса Москвадагы резиденцияны айкалыштыруу менен Армения өлкөсүнө да элчилик кылуу милдетин алат.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын январь айынан бери Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп келатат. Ал 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз